Жапаров: Кыргызстан эми башка өлкөлөрдүн спутниктик маалыматтарына көз каранды болбойт

Президент Садыр Жапаров биринчи улуттук спутник өлкөнүн аймагын өз алдынча көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берерин айтты. Анын маалыматтары айыл чарба жерлерин жана жайыттарды, жер кыртышын, түшүмдүүлүктү, аба ырайын, суу ресурстарын, мөңгүлөрдү жана өзгөчө кырдаалдарды көзөмөлдөөдө колдонулат. Мамлекет башчысынын айтымында, буга чейин Кыргызстан мындай маалыматтарды башка өлкөлөрдөн алып, акы төлөп келген. Эми спутник Бишкектен башкарылат. Жапаров 2026-жылдын 1-октябрын…

Кененирээк

Кыргызстанда жакынкы күндөрү аба ырайы кескин сууктайт

Кыргызгидромет 4-5-октябрда тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаашы күтүлүп жатканын кабарлады. Ошондой эле бул күндөрү ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болушу да мүмкүн. Ал эми 5-6-октябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн абанын температурасы -10 градуска, өрөөндөрдө 1 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. 

Кененирээк

Бишкектин калкы 1,5 миллионго жетти

Бишкектин калкы 1,5 миллионго жетти, шаарга күн сайын 200 миң адам иштегени келерин калаа мэри билдирди. Айбек Жунушалиевдин борбор калаада калк менен автоунаалардын саны кескин өсүп жатканын белгиледи. «Калктын санынын өсүшү шаардык инфраструктуранын өнүгүшүнөн озуп барат, мында улам жолдордо тыгын пайда болуп, инженердик тармактарга оорчулук келип жатат. Абанын сапаты курч көйгөйгө айланды. Транспорт, жашылдандыруу, шаардын…

Кененирээк

Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны өсүп жатат

Жарым жыл ичинде 1,56 млн адам жалпы суммасы 48,5 млрд сом болгон насыя алган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу насыя алуучулардын саны 2,7 эсеге көбөйгөнүн билдирет. Каражаттын басымдуу бөлүгү же 30 млрд сом жеке керектөөлөргө жумшалган. Дагы 7,6 млрд сом айыл чарбасына, ал эми 5,7 млрд сом соода тармагына багытталган. Кыргызстандыктардын чакан насыя берүүчү компанияларга болгон…

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, 30-сентябрда, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Калифорния штатынын Хоторн шаарындагы SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды. SpaceX космос тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат жана дүйнөдөгү эң кымбат технологиялык компаниялардын катарына кирет. Компания ракета алып жүрүүчүлөрдү, космостук кемелерди жана спутниктерди иштеп чыгат жана өндүрөт, учкучтуу космостук учууларды ишке ашырат…

Кененирээк

Бишкекте 5-октябрда мектептер жана бюджеттик мекемелер онлайн иштейт

Бишкекте 5-октябрда мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, министрликтер, бюджеттик жана билим берүү уюмдары онлайн форматта иштейт. Мындай чечим жаңы «Бишкек Арена» стадионунун ачылышына байланыштуу кабыл алынды. Иш-чарага 65 миңге чейин көрүүчү келери күтүлүүдө. Шаарда унаалардын агымы көбөйүп, жол тыгындары жаралышы мүмкүн. Онлайн формат жолдорго түшкөн жүктү азайтып, мекемелердин жана окуу процессинин үзгүлтүксүз иштешине шарт түзөт.

Кененирээк

Бишкек — Ош авиабилетинин баасын 4,5 миң сом кылуу көздөлүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек — Ош жана Бишкек — Манас багыттарындагы авиабилеттерди арзандатуу үчүн авиакеросиндин наркынын бир бөлүгүн субсидиялоону сунуштады. Ал эми авиакомпаниялар билеттерди туруктуу баада сатып, каттамдардын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоого тийиш. Бишкек — Ош багытындагы авиабилеттерди сатып алынган убактысына карабастан 4,5 миң сомдон кылуу каралууда. Сунуш Экономика жана коммерция министрлигине киргизилди.

Кененирээк

Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медаль утту

Кыргыз балбаны грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмак чениндеги финалдык беттеште өзбекстандык спортчу Алишер Ганиев менен кез келди. Жыйынтыгында 7:5 эсебинде утуп, алтын медалга ээ болду.Ал 60 кг чейинки салмакта 1/4 финалдык беттеште Түркмөнстандын балбанын 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыккан болчу.Бул Азия оюндарындагы Кыргызстандын алгачкы алтын медалы. Мелдеш Япониянын Нагоя шаарында өтүп…

Кененирээк

Кыргызстанда 65 жаштан жогорку жарандардын саны калктын болжол менен 6%ына жетет

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматы айтылды. Калктын жаш курактык түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу улуу муундагы адамдардын ден соолугун, өз алдынчалыгын жана коомдук активдүүлүгүн сактоого шарт түзүү маанилүү экени белгиленди. Эмгек министрлиги 2030-жылга чейин активдүү узак жашоо боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыкты. Программа гериатрия жана геронтология багыттарын өнүктүрүү, улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу жана алардын…

Кененирээк

Дубайдан Тель-Авивге бараткан учакта учкучтар мушташты

Flydubai авиакомпаниясынын Дубайдан Тель-Авивге бара жаткан жүргүнчү ташуучу учагы Сауд Арабиясына шашылыш конду. Компания учкучтардын мушташынан улам өзгөчө кырдаал жаралганын тастыктады. 30-сентябрда Иорданиянын үстүнөн учуп бара жатканда экипаж алгач “өзгөчө кырдаал” (7700) кодун, кийин “7500” кодун иштеткен. Бул код учакты басып алуу же уурдоо аракетин билдирет. Андан кийин экипаж менен байланыш үзүлгөн. Андан кийин учактын…

Кененирээк